Борбор шаарыбызда ишембилик

Posted on 19 Mar, 2019

   Элибиз байыртадан эле жашоонун түбөлүктүүлүгүн даңазалаган жазды чоң салтанат менен тоскон. Короо жайын тазалап жаңырган жаратылыштын жаз айынан жакшылык күткөн. Элибиздин ушул нарктуу салтын улап, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Экономика жана инвестиция департаменти борбор шаарыбызда ишембилик өткөрдү. Бул 2019 жылдын биринчи ишембилиги. Дал ушул күнү элдин демилгесин ак тилегин колдоп, табият да жадырап, жагымдуу аба ырайы ишембиликке жакшы шарт түзүп бергендей. 
Ишембиликтин негизинде департаменттин кызматкерлери Жибек Жолу көчөсүн бойлоп Логвиненко кесиндисинен Эркиндик бульварына чейин толугу менен тазалоо көрктөндүрүү иштерин аткарышты. Анын негизинде жол боюндагы таштандылар тазаланып шаар ичи түркүн боекторго бөлөндү